Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:01

Манчестер жардыруусу: бешинчи шектүү, жанкечтинин атасы, бир тууганы камалды


Лондондун көчөлөрүнө чыгарылган британ жоокерлери. 24-май, 2017-жыл.
Лондондун көчөлөрүнө чыгарылган британ жоокерлери. 24-май, 2017-жыл.

Полициянын билдиргенине караганда, бешинчи шектүү Манчестердин батышындагы шаарчадан кармалды.

Мунун алдында полиция шаршембиде Манчестердин түштүк бөлүгүнөн үч шектүү кармаган.

Ага чейин кеминде 22 адамдын өмүрүн алган жардыруудан кийин эле полиция 23 жаштагы бир жигитти да камаган болчу.

Ал эми британ ички иштер министри Амбер Радд Манчестер жардыруусуна бир эмес, бир нече адамдын катышы бар болушу мүмкүн деп билдирген.

Министрдин айтымында, жардырууну ишке ашырды деп шектелген Салман Абеди жакында эле Ливияга барып келгендей. Ал теги боюнча ливиялык болгону менен Британияда туулуп өскөн. Британиянын өзүндө камалган беш адамдын арасында жанкечтинин бир тууганы да бар.

Бул аралыкта Ливиянын күч түзүмдөрү Салман Абединин атасы жана дагы бир бир тууганы Триполиде камакка алынганын маалымдашты.

23-майга караган түнкү жардыруу үчүн "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу жоопкерчилик алган.

Кандуу окуя миңдеген адам, көбүнчө жаштар чогулган концерттен кийин болду.

Премьер-министр Тереза Мэй жарыялагандай, азыр өлкөдө террор коркунучунун деңгээли эң жогорку чекке чыгарылды.

Британия учурда коопсуздук боюнча чукул планын ишке киргизип, маанилүү коомдук жайларда куралдуу полицияга кошумча аскерлерди да жайгаштырды. (UE)

XS
SM
MD
LG