Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 03:33

Алыска жүк ташыган унаалардын 20 чакты айдоочусу Москва айлампа жолунун 51-чакырымындагы унаатоктотмодон кармалган. "ОВД-Инфо" кабарлагандай, айдоочуларды Росгвардиянын автомат менен куралданган кызматкерлери кармап кетишкен. Маалыматка караганда, полиция айдоочуларды автозакка камагандан кийин алардын чакырыктарын унааларга чаптап, митинг өткөрүп жаткандай кылып, видеого тартып алган. Активисттердин телефондору алынган.

21-май күнү Химки районунда "Платон" системасына каршы чыккан 11 айдоочу кармалган. Кийинчерээк сот аларга полицияга баш ийбеди, мыйзамсыз митинг өткөрдү деген кине менен 10 миң рублга чейин айыппул салган. Ал эми "Жүк ташуучулар бирикмесинин" лидери Андрей Бажутинге 30 миң рубль айыппул салынган. Ал нааразылык иш-чараларынын уюштуруучусу катары айыпталган.

Орусиялык айдоочулардын нааразылыгын жараткан "Платон" системасы 2015-жылы киргизилген. Ага ылайык, федералдык жолдон жүк ташыган унааларга бир чакырым үчүн 1,5 рублден төлөө жобосу киргизилген. Бул тариф 15-апрелден тартып эки эсеге көтөрүлүп, 3 рублга чыкты. Жүк ташуучулардын нааразылыгы 27-марттан бери жүрүүдө.

XS
SM
MD
LG