Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:21

ЕАЭБ жаштарынын кызматташуусуна арналган тегерек үстөл болот


25-майда Бишкекте боло турган тегерек үстөлдө ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн жаш лидерлери жана окумуштуулары кызматташуунун жолдорун талкуулашат. Анда эл аралык жаштар саясатын түптөөчү бирдиктүү илимий-агартуучулук жана маалымат-аналитикалык аймак түзүү маселеси каралат.

Тегерек үстөлдүн максаты ЕАЭБ жана КМШ мамлекеттеринин жаштарын аталган институттарды өнүктүрүүгө кызыгуусун жана маалыматын арттыруу болуп саналат.

Иш-чараны "Евразия -жаңы толкун", Кыргыз-орус славян университети жана Санкт-Петербург шаарындагы Евразия жаштар ассамблеясы уюштурууда.

Ушундай эле тегерек үстөл талкуулар биримдикке мүчө башка өлкөлөрдүн борборлору - Минск, Астана жана Ереванда уюштурулмакчы.

Кыргызстан ЕАЭБге 2015-жылы 12-августта мүчө болуп кирген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG