Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:08

Пакистанда кытайлык жубайлар уурдалганы кабарланууда


Аларды Белужистан провинциясында полиция кийимин кийген куралчан адамдар алып кетишкен. Полициянын маалыматы боюнча, окуя 24-майда провинциянын борбору Кветтеде болгон. Азырынча кытайлык жарандар Кветтеде эмне кылып жүрүшкөнү белгисиз. Айрым маалыматтар боюнча, алар кытай тилин үйрөтүп жүрүшкөн. Кээ бир маалыматтарда алар, тескерисинче, урду тилин үйрөнүп жатышкан деп айтылат.

Кытайлык жубайлар Пакистанда уурдалганы тууралуу Бээжиндин басма сөз каражаттары да жазып чыгышты.

Кен-байлыктарга бай Белужистан аймагы 2004-жылдан бери радикал-исламчылардын жана сепаратисттердин чабуулунан жабыркап келет. Бул аралыкта миңдеген кишилер зордук-зомбулуктун курмандыгы болушкан.

XS
SM
MD
LG