Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, жалпы өлкө боюнча 62 миң бүтүрүүчү 11-классты, 92 миң бүтүрүүчү 9-классты аяктоодо. Аталган министрликтин басма сөз кызматкери Айзуура Чыкынова "Азаттык" радиосуна билдиргендей, 25-майда 2200дөн ашуун мектепте бүтүрүүчү класстардын Акыркы коңгуроо салтанаты болот:
- Министрдин буйругу менен Акыркы коңгуроого арналган салтанат-кечелерди кафе-ресторандарда жана башка эс алуучу жайларда майрамдоого тыюу салынган.
Билим берүү жана илим министрлиги 25-майга белгиленген Акыркы коңгуроо иш-чарасын мамлекеттик символикалар менен жасалгалап, Кыргызстандын гимнин аткаруу менен коштоо талабын да койгон.
Акыркы коңгуроо салтанатына байланыштуу бүгүн өлкө боюнча милиция күчөтүлгөн тартипте иштөөдө. Коомдук тартипти көзөмөлдөөгө төрт миңге чукул милиция кызматкери тартылган. Ички иштер министрлигинин мааалыматына караганда, атайын даярдалган кызматкерлерден мобилдик топ да түзүлдү. Ал эми мектептерде тартипти камсыздоо жана окуучулардын коопсуздугу үчүн жоопкерчилик райондук, аймактык ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилерине жүктөлдү.(ZKo)