Тараптар 24-майда 3 млн долларга келишим түздү. Бул каражат чакан жана орто бизнести насыялоого, лизингге жана Чехия, Түркиядан жабдыктарды алып келүүгө берилмекчи.
Эрежеге ылайык, Өнүктүрүү фондунун насыясы ишкерлик кылуу үчүн жаңы жабдыктарды сатып алууга, оңдоого, технологияларды жаңылоого жумшалат. Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунан маалымдашкандай, насыя берүүдө артыкчылык айыл чарба, тигүү өнөр жайы, кайра иштетүү, тоо-кен тармагы, туризмди өнүктүрүү, медицина жана транспорт жаатындагы ишкерликке берилет.
Учурда Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун 13 өнөктөш банкы бар.
Мурдараак аталган фонддун ишмердүүлүгүнө бир катар сын-пикирлер айтылып, андан насыя алуу карапайым ишкерлер үчүн оңой эместиги белгиленген.(ZKo)