Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:35

Депутат Бекешов өкмөттүн Ак куланы оңдоо планын сындады


Ак кула ат майданы, 21-март, 2017-жыл
Ак кула ат майданы, 21-март, 2017-жыл

Жогорку Кеңеш депутаты Дастан Бекешов өкмөт ишиндеги артыкчылыктуу багыттарды аныктай албай жатат деп сындады. Бүгүн парламенттин жалпы жыйынында ал “өкмөттө акча бар, бирок аны кантип жумшоо боюнча приоритеттер жок” деп белгилеп, жол коопсуздугу чечилбей жаткан чакта Ак кула ат майданын оңдоого 300 млн сом сарптоо канчалык туура деген суроону койду. Бекешов эл арасында нааразылык айтылып жатканын кошумчалады:

- Коомчулук өтө нааразы болуп жатат. Каякка барбайын, ошол маселе талкууланууда. Уят эле болуп жатабыз.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда жыл сайын 1000дей адам жол кырсыгынан ажал табат. Бул күн сайын үч киши жолдо каза болот дегенди билдирет.

Бишкектеги Ак кула ат майданын оңдоо маселеси быйыл Нооруз күнү көтөрүлгөн. Улуттук спорт оюндары учурунда адам батпай, сахна жана көк бөрү аянтына чейин чыгып кеткени интернетте кызуу талкууланган.

29-мартта премьер-министр Сооронбай Жээнбеков ипподромдун абалы менен өзү барып таанышып, оңдоо жана жаңылоо ишин тездетүүнү тапшырган. Реконструкциялоого 300 млн сом талап кылынары эсептелип чыккан.

22-майда бул маселе өкмөттө талкууланып, Сооронбай Жээнбеков ат майдан эл аралык стандартка дал келиши керектигин белгилеген жана «Спорттук ат оюндары жана башка маданий иш-чаралардын бардыгы Ак кулада өткөрүлөт. Объекттин бардык инфраструктуралык маселелерин карап чыгып, аны сапаттуу реконструкциялоо керек» деген. (RK)

XS
SM
MD
LG