Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:10

Шаардык сот иштен алынган кызматкердин арызын жарым-жартылай канааттандырды


Иллюстрация
Иллюстрация

Бишкек мэриясы менен соттошуп жаткан мурдагы кызматкери Сейил Маданбекованын арызын шаардык сот жарым-жартылай канааттандырды. Бул тууралуу ал бүгүн өзү “Азаттык” радиосуна кабарлады.

Шаар башкармалыгынын Эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн жетектөөчү адиси болуп эки жыл иштеген Маданбекова кызматынан 2016-жылдын ноябрь айында алынган. Ал буга жоолук салынып жүргөнү себеп болгон деп эсептейт.

- Мен жети жыл мамлекеттик кызматкер болуп жакшы эле иштеп жаткам. Бир дагы сөгүш алган эмесмин. Жаңы аппарат жетекчиси келип менин жоолугум жакпай, экинчиден, ордум керек болуп эле кетиришти, -деп билдирген ал “Азаттыкка” 22-майда.

Бишкек мэриясынын маалымат кызматы Маданбекованын кызматтан алынышы жоолукка тиешелүү эмес экенин жана ал ишине байланыштуу бир нече жолу сөгүш алганын “Азаттыкка” кабарлаган.

Сейил Маданбекованын иштен алынуусу мыйзамсыз болгону жана аны кайра жумушка алуу керектиги тууралуу арызын буга чейин Бишкектин Ленин райондук соту карап, канааттандырган.

Мэрия шаардык соттун соңку чечими боюнча комментарийди ал чечим расмий түрдө колго тийгенден кийин гана берерин билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG