Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:24

Жалал-Абадда шайлоого катышып жаткан беш партия эскертүү алды


Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясы үгүт учурундагы каржылык чыгымдарын өз маалында көрсөтпөгөнү үчүн “Өнүгүү-Прогресс”, "Ата-Журт", "Республика", "Кыргызстан", "Бүтүн Кыргызстан" партияларына эскертүү берди. Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” шайлоо комиссиясынан кабарлашты.

Комиссия маалымдагандай, жогорудагы 5 партия өздөрүнүн шайлоо фондунан каржыланып, аткарылып жаткан иштердин жыйынтыгы боюнча маалымат берген эмес. Ошол себептен аларга эскертүү берилди.

Буга чейин үгүт жарнактарын туура эмес жайгаштыргандыгы үчүн “Өнүгүү-Прогресс” менен "Ата-Журтка" бирден эскертүү берилген болчу.

28-майда Кыргызстанда айрым жергиликтүү кеңештерге мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт.

Жалал-Абадда 7 партия: КСДП, "Мекеним Кыргызстан", “Өнүгүү-Прогресс”, Ата-Журт", "Республика", "Кыргызстан", "Бүтүн Кыргызстан" партиялары ат салышууда. 2016-жылдын 11-декабрында шайланып келген 5 партиянын өкүлдөрүнөн турган кеңеш мэр шайлоодо бир пикирге келе албай, ушул жылдын март айында өзүн өзү тараткан болчу. (RsK)

XS
SM
MD
LG