Манчестер терактына шектүү деп британ полициясы кармагандар сегиз кишиге жетти. Акыркы эки адамдын бири Стингтон шаарынын четиндеги үйүнөн, экинчиси Манчестердин өзүнөн кармалган. Буга чейин кандуу калабаны ишке ашырууга шектелген жанкечтинин эки бир тууганы менен атасы кармалганы кабарланган.
Жанкечтинин өзү Британияда туулуп өскөн теги ливиялык Салман Абеди деп британ бийликтери маалымдаган.
22-майдын түнүндө Манчестер шаарында миңдеген адам концерттен чыгып баратканда жардыруу болуп, 22 киши өлгөн. Кеминде алтымыштай адам жаракат алып, ооруканаларга жаткырылган. Алардын көбү балдар жана жаштар. Каргашага "Ислам мамлекети" террор тобу жоопкерчилик алган. Бул Британиядагы 2005-жылы 56 адамдын өмүрүн алган теракттан кийинки эң кандуу чабуул катары бааланууда.
Бул тапта Британ бийлиги теракттан кийин айрым маалыматтар, тагыраагы кылмыш болгон жерден тартылган соттук-медициналык сүрөттөр америкалык медиага чыгып кеткенине нааразы болушууда. Премьер-министр Тереза Мэй 25-майдагы НАТОнун саммитинде АКШ президенти Дональд Трамп менен жолукканда бул маселени көтөрөрү күтүлүүдө.