Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:08

№61 мектепте кызын мугалимден коргогон ата-эне милицияга кайрылды


Бишкекте №61 мектеп-лицейдин мугалимине байланыштуу милицияга арыз жазылды. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна шаар тургуну Руслан Арзыматов билдирди.

Анын айтымында, балдызынын кызы аталган мектепте 8-класста окуйт. Кечээ 24-майда география сабагы боюнча мугалим аны "классташтарынын көзүнчө кармалоого аракет жасаган":

- Мурда деле сабак учурунда кыздарды кармалаган учурлар болуптур. Окуучу кыздар уялып, аны айтчу эмес экен. Кээде жумушка чыкпай коет экен. Өзү ичимдикке жакын окшойт.

Аталган окуу жай түздөн-түз Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгына карайт. “Азаттык” мекеменин башчысы Сауле Мээрмановага кайрылганда ал бул окуя териштирилип жатканын, азырынча так маалымат бере албасын айтты.

- Мугалим бүгүн саат 17ге тергөөчүгө чакырылды. Райондук билим берүү башкармалыгынын жана биздин адистер да баратат. Директор ал мугалимди көптөн бери иштеп келаткан тажрыйбалуу адис деп мүнөздөөдө, - деди Мээрманова.

№61 мектеп-лицейдин жетекчилиги азырынча бул окуя боюнча комментарий бере элек. (RK)

XS
SM
MD
LG