Франциянын түштүгүндөгү Сен-Жане аймагында өткөн хайлайн экстремалдуу спорту боюнча мелдеште өткөн жылкы 800 метрлик рекорд жаңыланды. Германиялык студент - математик Фридрих Куне 600 метрлик бийиктикке тартылган 1600 метрлик нейлон тросун басып өтүп, жеңишке жетишти.
- Бул дүйнөдөгү эң узун дистанция болду. Аркандын үстүнөн эч качан мынча аралыкка басып көргөн эмес элем. Болгон эркимди жумшадым. Эң оору аркандын ары-бери чайпалганы. Негизи орто чени жеңилирээк. Башы менен аягы баарынан оор, - деди Куне.
Хайлайн - асма арканда басуу боюнча спорттун эң кооптуу, экстремалдуу түрү. Анткени эки учу гана тоонун чокуларына бекитилген аркан үстүнөн баскан сайын өйдө-ылдый, оңго-солго чайпалып турат.
Чемпионат 2013-жылдан бери Францияда өтүп келет. Мындайды өз алдынча жасап көрүү абдан кооптуу экени эскертилет.