Ысык-Көлдүн үстү булганганы тууралуу тарап жаткан кабар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу бүгүн "Азаттык" радиосуна Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын Ысык-Көл, Тоң райондору жана Чолпон-Ата, Балыкчы шаарлары боюнча улук инспектору Максат Кыштообаев билдирди.
Бүгүн Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылындагы "Каприз" эс алуу борборунда көл жээктеги суу үстү булганганы тууралуу маалымат интернетте тараганына байланыштуу инспекция өкүлдөрү жеринде текшерүү иштерин жүргүзүшкөн.
- Интернетке май деп чыгыптыр. Бул май эмес. Биз келгенде агын болуп жаткан экен. Аны көрдүк. Май эмес эле чаң экен, - деди Максат Кыштообаев.
Адистин айтымында, мындай учур көп эле катталып турат. Кечээ катуу шамал болгондуктан чаңды алып барып, көл үстүнө түшүргөн.
"Андан сырткары суу астындагы өсүмдүктөр да өсүп жаткан учурда көлдүн үстүндө ошондой көрүнүш пайда болуп калат. Эч кандай кооптуу абал түзүлгөн жок" деп кошумчалады Кыштообаев. (AsM)