Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:03

ИИМ: Бишкекте кылмышка шектүү Пакистан жараны кармалды


Иллюстрация
Иллюстрация

Бишкекте адам аткезчилиги менен алектенүүгө шектелген Пакистан жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн ички иштер министрлигинен кабарлашты.

Министрликтин онунчу башкармалыгына Пакистандын 22 жаштагы жараны кайрылып, аны Наим аттуу бир адам Бишкекке чакыртып алганын, андан ары Жапонияга жөнөтүүнү убада кылып, бул кызматы үчүн 5700 доллар акчасын алганын айтып берген.

Факт боюнча Кылмыш кодексинин "мыйзамсыз миграция уюштуруу" беренесинин негизинде иш козголуп, издөөнүн натыйжасында Бишкекте жашаган 43 жаштагы Пакистан жараны кармалды.

Учурда ал шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайында камакта. (RK)

XS
SM
MD
LG