Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:26

Кандагардагы атышууда 13 ооган аскери мерт болду


Кандагардагы атышууда 12 аскер мерт болду.
Кандагардагы атышууда 12 аскер мерт болду.

Ооганстандын түштүгүндөгү Кандагар провинциясындагы Талибан кыймылы менен өкмөттүк күчтөрдүн кагылышуусунда 13 аскер набыт кетип, сегизди жарадар болду.

Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалымат катчысы Даулат Вазири 25-майда билдирди. Анын айтымында, согушкерлер түн ичинде бир нече өткөрмө бекеттерге кол салгандан кийин атышуу башталган. Расмийлер кеминде сегиз жоочу жок кылынганын маалымдады.

22-майдын кечинде да ушул эле провинциядагы аскерий базага Талибан кыймылы жасаган чабуулда 10 өкмөттүк аскер мерт болгон. Жергиликтүү бийлик бир нече саатка созулган кармашта 12 согушкер өлтүрүлгөнүн кабарлаган.

Апрель айынын соңунда Талибан жоочулары жазгы чабуулдарын баштаганын, АКШ жетектеген коалиция менен ооган коопсуздук күчтөрүнө сокку урарын билдирген эле.

XS
SM
MD
LG