Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан маалымдашты. Муфтияттын басма сөз катчысы Максатбек Атабаевдин "Азаттык" радиосуна билдиргени боюнча, 27-майда саат 03:16да ооз жабылат.
- 25-майда асман бүркөк болгондуктан, айды көрө албадык. Ошондуктан, Шаабан айынын отузуна толуктап, 27-май, ишемби күнү Рамазан айынын биринчи күнү деп жарыяланат. Тактап айтканда, 26-майдан 27сине караган түнү, саат 03:16да ооз бекилет.
Максат Атабаевдин маалыматы боюнча быйылкы Рамазан айындагы орозо, битирдин өлчөмү буудай баасы менен 30 сом, мейиздин баасы менен 368 сом, ундун баасы менен 35 сом, арпанын баасы 48 сом, курманын баасы менен эсептегенде 380 сом. Мусулмандар булардын ичинен чөнтөгүнө жараша каалаганын төлөсө болот. (ZKo)