Линктер

жума, 20-июль, 2018 Бишкек убактысы 11:11

Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунова Жалал-Абад облусундагы балдардын психоневрологиялык мекемесине барган учурда билдирди.

Исакунованын айтымында, министрликте майып балдарды багуучу ата-эне жана башка адамдардын эмгек акысын төлөп берүү боюнча атайын шарттын долбоору даярдалган. Ал долбоорго ылайык, мындай балдардын ата-энелери жашоо минимуму өлчөмүндө айлык акы алуусу каралган. "Бул майып балдардын интернаттарга берилүүсүнүн алдын алмак" деди Таалайгүл Исакунова.

Жалал-Абаддагы балдардын психоневрологиялык мекемесинде 98 майып бала тарбияланат. Алардын көпчүлүгү талма, шал жана башка оор дартка чалдыккандыктан, туруктуу кароону талап кылат.(ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG