Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:42

АКШнын Мосулду бомбалоосунан жүздөн ашуун тургун набыт болгон


Мосул. Ирактын өкмөттүк күчтөрү. 28-март, 2017-жыл.
Мосул. Ирактын өкмөттүк күчтөрү. 28-март, 2017-жыл.

Бул маалыматты атайын аскерий тергөө жарыялады. Быйыл март айында Ирактын түндүгүндөгү Мосул шаарына абадан сокку уруу учурунда кеминде 105 киши өлгөн.

АКШ Абадан коргонуу күчтөрүнүн бригадалык генералы, тергөө комитетинин башчысы Мэтью Ислердин айтымында, бомбалоо учурунда экстремисттердин курал-жарак кампасы да жарылган.

Ислер берген маалымат боюнча, кампанын кыйроосунан 101 адам набыт болгон. Дагы төртөө кампага коңшулаш имаратта өлгөн. 36 киши дайынсыз.

Өткөн жылы күзүндө Ирак бийлиги АКШ баштаган чет элдик коалициянын жардамы менен ИМ тобу көзөмөлдөп турган Мосулга ири чабуулду баштаган.

XS
SM
MD
LG