Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:48

Ага-ини Азимовдорго метродогу теракт иши боюнча айып тагылды


Акрам Азимов
Акрам Азимов

Орусиялык тергөөчүлөр Кыргызстанда туулган ага-ини Аброр жана Акрам Азимовдорго терроризм жана курал сактоо боюнча акыркы айыбын угузду. Тергөө буга чейин Акрамды 15 адамдын өмүрүн алган Санкт-Петербург метросундагы жардыруунун уюштуруучусу деп атаган.

Акрам Азимов күнөөнү моюнга алган эмес. Алардын энеси дагы балдарынын терактка тиешеси жок экенин, укук коргоо органдары анын уулу Акрамды ооруканадан уурдап кетишкенин билдирген.

Тергөөнүн версиясы боюнча Аброр Азимов ыктымал жанкечти Акбаржон Жалилов менен байланышта болуп, теракты уюштуруу үчүн акча топтогон. Анын агасы Акрам Азимов “эл аралык террордук уюмдардын мүчөлөрүнүн Орусияга кирүүсү үчүн жасалма документ жасоо менен алектенген.

Ага-ини кармалгандан кийин Орусия жарандыгынан ажыратылган. Алар документти 2013-жылы Пермде алышкан. ИИМ сотто ага-ини жана анын ата-энеси орус жарандыгын алуу үчүн жалган маалыматтарды топтогонун далилдеген.

XS
SM
MD
LG