Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:53

Түркмөн мугалимдери ижарага жер алууга мажбурланууда


Түркмөнстандын Балкан облусунун бийлиги мугалимдерди жерди мамлекеттен ижарага алууга мажбурлоодо.

23-24-майда жергиликтүү бийлик мектеп директорлору менен чогулуш өткөрүп, жашылча-жемиш өстүрүү үчүн 15-20 гектар жерди ижарага алууну талап кылган.

Сердар районундагы мектептердин биринин директорунун айтымында, айрымдар нааразылык билдиришкен. Бирок жергиликтүү бийлик өкүлдөрү аларга орой мамиле жасап, эскертүү берген. Анын билдиришинче, айрым жер тилкелери 200-350 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Маалыматтарга караганда, Балкан облусунун райондук администрациялары жерди мугалимдерге ижарага берүү боюнча көрсөтмөнү “жогору жактан” алышкан, баш тарткандарга чара колдонулат.

XS
SM
MD
LG