Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:16

Президент муфтияттын ишин талкуулады


Максат ажы Токтомушев
Максат ажы Токтомушев

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы Максат ажы Токтомушевди кабыл алды.

Мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашкандай, жолугушууда Атамбаев муфтийди жана өлкөнүн бардык мусулмандарын Орозо айынын башталышы менен куттуктады.

Президент менен муфтий дин башкармалыгынын ишин талкуулашты.

Жолугушууда ошондой эле пайда болуп жаткан чакырыктар менен коркунучтарга каршы туруу, өлкө калкынын биримдигин бекемдөө маселелери талкууланды. (RK)

XS
SM
MD
LG