Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 05:42

Бишкекте Индия бийинин шоусу өтөт


Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры

Бишкекте индиялыктардын бийин сүйүүчүлөр үчүн атайын шоу уюштурулууда. Бул тууралуу бүгүн шаар башкармалыгынан кабарлашты.

Кыргыз улуттук драма театрында кечинде өтө турган иш-чара “Индиялык улуу үлпөт той” деп аталат. Ага Болливуддан келген «DanceEra» тобу катышат.

Уюштуруучулардын айтуусунда, театрлашкан шоуда Индияда жашаган түрдүү топтор арасындагы үй-бүлө куруу мамилелери тууралуу бир жуптун сүйүү баяны аркылуу баяндалат.

Индиянын киноиндустриясынын алгачкы тасмалары кыргызстандык көрүүчүлөрдүн назарына өткөн кылымдын 80-90-жылдарында тартууланган. Учурда Бишкекте жана Оштогу айрым жогорку окуу жайларда Индиядан келген жүздөгөн студенттер билим алат. (RK)

XS
SM
MD
LG