Жогорку Кеӊеш төрагасы Чыныбай Турсунбеков баштаган парламенттик делегация бул күндөрү расмий сапар менен Чехияда жүрөт.
27-майга чейин улана турган сапарда Чыныбай Турсунбеков Чех Сенатынын төрагасы Милан Штех, Депутаттар Палатасынын төрагасы Ян Гамачек жана премьер-министр Богуслав Соботка менен жолугушат.
Делегация курамында Жогорку Кеӊеш депутаттары Салайдин Айдаров, Кенжебек Бокоев, Зиядин Жамалдинов, Бакытбек Жетигенов, Кубанычбек Жумалиев, Жунус уулу Адыл жана Бахадыр Сулейманов бар. (RK)