Грециянын мурдагы премьер-министри Лукас Пападемоско операция жасалып, абалы учурда стабилдүү экенин, тынчсызданууга негиз жоктугун дарыгерлер билдирет.
Бейшембиде Афиныда автоунаанын ичиндеги конверт жарылып, унаада бараткан Пападемус менен жансакчысы жана дагы бир адам жаракат алышкан.
Азырынча кол салууну ким уюштурганы белгисиз. Грек бийлиги муну террордук чабуулга теңөөдө.
"Мен Лукас Пападемоско чабуулду айныксыз айыптайм. Анын жана коштогон адамдарынын батыраак айыгып кетишин каалайм", - деди Грециянын премьер-министри Алексис Ципрас.
Учурда жарылма зат салынган конверт текшерүүлөргө жана кайтарууга карабай кандайча мурдагы премьерге жетип калганы иликтенүүдө. 69 жаштагы Пападемус 2011-2012-жылдары грек өкмөтүн башкарган.