Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:11

Обама: Коркунучту үмүткө алмаштыруу үчүн бирге иштейли


Сыйлык тапшыруу аземи
Сыйлык тапшыруу аземи

Кошмо Штаттарынын мурдагы президенти Барак Обама бейшембиде немис маалымат каражаттарынын сыйлыгын алды. Ал сыйлык саясатка жана коомчулукка олуттуу таасир көрсөткөн адамдарга тапшырылып келет. Маселен өткөн жылдары БУУнун мурдагы баш катчысы Пан Ги Мун, Германиянын канцлери Ангела Меркел жана актер Жорж Клуни алышкан.

Обама сыйлык тапшыруу аземинде сүйлөп жатып дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрүн учурдагы чакырыктарга бирге каршы турууга чакырды.

- Бул залкар үмүттөрдүн, ошол эле учурда олуттуу коркунучтардын заманы. Бой көтөрүүчүлүк - улуу элдин касиети эмес. Азыркы коркунучтар балким өткөн жүз жылдыктагыдай курч эместир. Бирок эркиндик, коопсуздук жана адамдык ар-намыс үчүн күрөш улана берет. Биз жаңы жагдайларга, өзгөрүп бараткан реалдуулуктарга көнүү үчүн күч үрөгөнүбүз оң. Ошол эле учурда түбөлүктүү идеалдарга шайкеш бойдон кала беришибиз зарыл. Коркунучту үмүткө алмаштыруу үчүн бирге иштешибиз керек, - деди Обама.

Ошондой эле ал Меркел менен бирге иштешкен күндөрүн сагынарын айтты. Экс-президент андан мурдараак канцлер менен Бранденбург дарбазасынын жанында он миңдеген адамдардын алдында да сүйлөгөн. Германиядагы парламенттик шайлоого төрт ай калганда Обаманын келишин айрымдар Меркелди колдоо кампаниясы катары да кабылдашууда. Бирок анда саясатчылар шайлоо тууралуу ооз ачкан эмес.

XS
SM
MD
LG