Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 14:34

Алайда Келдибековду президенттикке аттандырышты


Акматбек Келдибеков

Акматбек Келдибековду Алайда эл менен өткөн жолугушуусунда президенттикке аттандырышты. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна анын кеңешчиси Шайырбек Маматокторов кабарлады.

- Акматбек Келдибеков өзү туулган жер Алайда эл менен жолугушуп, бата алып, шайлоого аттанды. Аксакалдар менен кеңешти. Аны ак боз атка миндиришти, чепкен жаап, калпак кийгизишти. Жанында коштоп саясаттагы өнөктөшү, досу Камчыбек Ташиев жүрөт. Дагы бир топ саясатчылар, депутат Улукбек Ормонов да бар.

Келдибеков азырынча өзү расмий билдирүү тарата элек.

“Азаттыктын” “Келдибековдун талапкерлиги Камчыбек Ташиев, Адахан Мадумаров менен түзүлдү деп быйыл январда жарыяланган үчилтиктин атынан көрсөтүлүп жатабы?” деген суроосуна Маматокторов “Аны айтыш кыйын. Себеби Мадумаровдун позициясы эч кур дегенде мага белгисиз” деп жооп берди.

Мадумаровдон комментарий алуу азырынча мүмкүн болбой жатат.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, Социалдык фонддун мурдагы башчысы Акматбек Келдибеков коррупция үчүн соттолгон, мамлекетке 10 миллион сом төлөп берген.

Быйыл Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. Расмий түрдө талапкер болуп катталуу үчүн аны партиянын съезди көрсөтүшү керек же өзүн өзү көрсөтүп жатса 300 миң кол топтошу зарыл. Мындан тышкары, күрөө талабы бар. Анын өлчөмү азыр такталууда. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (19)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG