Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:57

Италияда "Чоң жетинин" саммити башталды


Германия канцлери Ангела Меркель күйөөсү Йоахим Гаук менен саммитке келди
Германия канцлери Ангела Меркель күйөөсү Йоахим Гаук менен саммитке келди

Италияда дүйнөнүн бакыбат жети өлкөсү АКШ, Британия, Германия, Франция, Италия, Япония жана Канада же башкача айтканда "Чоң жетинин" саммити өтүүдө. Анда негизинен соода, климаттын өзгөрүүсү жана коопсуздук маселелери талкууланат.

Атын атагысы келбеген италиялык дипломаттын маалымдашынча, лидерлер эки күндүк саммитте көтөрүлчү маселелердин көбүндө окшош пикирде. Бирок соода жана экология маселесинде Вашингтон башкача пикирде болууда.

АКШ президентинин экономика боюнча кеңешчиси Гари Кон соода маселесинде "жүйөлүү талкуу" болорун билдирүүдө. Ал ошондой эле Дональд Трамп булганыч газдардын абага кошулушун кыскартууну жактаган 2015-жылкы Париж келишими боюнча чечимди саммиттен кийин кабыл аларын айтты.

Европалык дипломаттар "жетилик" лидерлери дүйнөнүн 195 өлкөсү колдогон Париж келишимин сактап калуу үчүн Трампка басып жасашарына үмүттөнүшүүдө. Трамп буга чейин климаттык өзгөрүү тууралуу илимди сындап, Париж келишиминен чыгарын да билдирген.

XS
SM
MD
LG