Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:30

Жалал-Абад: "Ата-Журт" КСДПны үгүт үчүн айыптоодо


Жалал-Абад шаары
Жалал-Абад шаары

Жалал-Абад шаардык кеңешине шайлоо алдындагы үгүт иштеринде бийликчил партиялар административдик ресурс колдонуп жатат деп "Ата-Журт" партиясынын шаардык штабынын жетекчиси Тагайбек Казакбаев айтып чыкты.

Бүгүн "Азаттыкка” маалымат берип жатып Казакбаев мектеп жана ооруканаларда ачык эле КСДПга үгүттөө жүрүп жатканын билдирди:

- Дача конушундагы мектепте директор ата-энелерди чогулушка деп чакырып, бирок чынында ал жерде мурунку мэр, азыркы талапкер Салайдин Авазов менен жолугушуу уюштурулган. Буга биздин үгүтчүлөрүбүз күбө болушкан.

Ал эми КСДП партиясынын шаардык штабы жогорудагы дооматтарды четке кагып, ар бир бюджеттик мекемеде бардык партиялардын адамдары иштеп жатканын айтты.

28-майда Кыргызстанда айрым жергиликтүү кеңештерге мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт.

Жалал-Абадда 7 партия: КСДП, "Мекеним Кыргызстан", “Өнүгүү-Прогресс”, Ата-Журт", "Республика", "Кыргызстан", "Бүтүн Кыргызстан" партиялары ат салышууда. 2016-жылдын 11-декабрында шайланып келген 5 партиянын өкүлдөрүнөн турган кеңеш мэр шайлоодо бир пикирге келе албай, ушул жылдын март айында өзүн өзү тараткан болчу. (RsK)

XS
SM
MD
LG