Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:56

БУУ Сириядагы аскер операцияларында кылдат болууга чакырат


Зейд Раад аль-Хусейн
Зейд Раад аль-Хусейн

Бириккен Улуттар Уюму Сирияда абадагы аскерий операцияларга катышкан өлкөлөрдү өтө кылдат болуп, аскерий обьектилерди карапайым адамдардан айырмалоого чакырды.

26-майдагы баяндамасында БУУнун адам укуктары боюнча башкы комиссары Зейд Раад ал-Хусейн Сириянын Ракка, Дайр-эз-Заур шаарларындагы операцияларды атады.

"Аба соккусунан курман болгондор менен жаракат алган карапайым жарандардын көбөйүшү ал соккулар учурунда тиешелүү алдын алуу иштери жүргүзүлбөгөнүнөн кабар берет. Ошол эле жарандар "Ислам мамлекети" террор тобунун туш келди артиллериялык чабуулдарынын да, аба соккуларынын да курмандыктары болууда", деди ал-Хусейн.

Башкы комиссардын маалымат катчысы Руперт Колвиллдин айтымында, жогорудагы эки шаарда бир нече аскер аба күчтөрү, анын ичинде АКШ баштаган эл аралык коалиция ишмердигин жүргүзөт. Ал жерде Ирактын да учактары бар.

Колвиллдин айтымында, ушул айдын башында "Ислам мамлекети" террор тобу Сирияда сегиз адамдын башын алганы тууралуу Улуттар Уюму анык маалымат алганын кошумчалады.

XS
SM
MD
LG