Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:28

Кишиневдун мэри жемкорлукка шектелип кармалды


Молдованын борбор калаасынын мэри Дорин Киртоакэ жемкорлукка шектелип 25-майда кармалды. «Интерфакс» өлкөнүн Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча улуттук борборунун басма сөз катчысы Анжела Старинскаяга шилтеме кылып билдиргендей, Киртоакэ кызмат абалын кыянат пайдаланган деп дагы айыпталууда.

Калаа башчысы кармалганга чейин анын иш бөлмөсүндө бир нече саат тинтүү жүргүзүлгөн.

Мурдараак Кишиневдун эки вице-мэри, шаардык транспорт башкармалыгынын башчысы жана транспорт министри камакка алынган. Алардын баары тең Киртоакэ төрага орун басары эсептелген европачыл Либералдык партиянын мүчөлөрү.

Дорин Киртоакэ Молдованын борбору Кишиневду 2007-жылдан бери башкарып келген.

XS
SM
MD
LG