Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:04

Египет: зыяратчыларга кол салуу үчүн ИМ тобу жоопкерчилик алды


Ыйык Самуил монастыры. Египет, Минья.
Ыйык Самуил монастыры. Египет, Минья.

Өзүн "Ислам мамлекети" деп атаган террордук топ Египеттеги христиан-зыяратчыларга кол салуу үчүн жоопкерчилик алды. Экстремисттер 32 адам өлтүрүлгөнүн билдирип жатышат.

Египет бийлигинин маалыматында окуядан 29 адам каза таап, 13ү жаракат алганы жана алар ооруканада экени айтылат.

25-майда куралчан топ өлкөнүн түштүгүндөгү Минья провинциясындагы монастырга бараткан зыяратчылар түшкөн автобуска кол салган.

Окуядан кийин Египет президенти Абдел Фаттах ас-Сиси "Ислам мамлекети" террордук тобунун Ливиядагы машыгуучу базасына абадан сокку урулганын жарыялады.

Ишембиде аскерлер зыяратчыларга кол салууга катышкан согушкерлер даярдалган бир нече база жок кылынганын билдирген.

XS
SM
MD
LG