Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:38

Түркияда этникалык кыргыз кызы таэквандо боюнча жеңүүчү болду


Бегим Зейнеп Ташкын (ортодо).
Бегим Зейнеп Ташкын (ортодо).

Түркиянын Стамбул шаарында өткөн өспүрүмдөр арасындагы таэквандо боюнча чемпионатта он бир жаштагы этникалык кыргыз Бегим Зейнеп Ташкын биринчи орунду алды. Бул тууралуу анын апасы Назике Ташкын "Азаттык" радиосуна билдирди:

- Кызым бир жарым жылдан бери машыгат. Ушунча тез убакытта ийгиликке жетет деп ойлогон эмеспиз. Тырышчаактыгы аны чемпион кылды. Келечекте да таэквандону таштабай олимпиадага барам деп кыялданат, - деди Назике Ташкын.

Өспүрүмдөр арасындагы таэквандо боюнча чемпионатка Стамбул шаарындагы 33 спорт клубунан 530 спортчу катышкан. Бегим Зейнеп Ташкын өткөн кылымда Памирден алгач Пакистанга, андан Түркияга оогон кыргыздардын жол башчысы Рахманкул хандын небереси. (ElB)

XS
SM
MD
LG