Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:49

"Чоң жети" климаттын өзгөрүшү боюнча бир пикирге келе алган жок


 Италия, Сицилия аралындагы Таормина шаары. 26-май, 2017-жыл.
Италия, Сицилия аралындагы Таормина шаары. 26-май, 2017-жыл.

Италияда өткөн саммитте "Чоң жети" тобуна мүчө мамлекет башчылардын лидерлери глобалдык жылуулук боюнча пикир келишпестиктерди жеңе алышкан жок.

Жыйын соңундагы биргелешкен билдирүүдө АКШ азырынча климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жоюу маселесинде чечим кабыл ала электиги айтылат. АКШ президенти Дональд Трамп келерки аптада бир пикирге келерин убада берди. Калган алты мамлекеттин лидерлери 2015-жылдагы Париж келишимин сактоого даярдыгын билдиришти.

Ошондой эле бардык өлкөлөр самиттин жыйынтыгындагы документке протекционизмге каршы күрөшкө чакырыкты кошууга, "адилетсиз соода тажрыйбасына" каршы туруу милдеттенмесин алууга макул болушту.

Буга чейин Дональд Трамп протекционисттик чараларды колдоп, АКШ өзүнүн батыштагы алдыңкы өнөктөштөрү, Кытай жана өнүгүп келе жаткан айрым мамлекеттер менен адилетсиз соода шарттарынан жапа чегип жатканын айткан.

"Чоң жетинин" бардык лидерлери мындан тышкары Украинанын чыгышындагы тынчтыкты жөнгө салуу боюнча Минск келишиминдеги милдеттерин аткарбаса, Орусияга каршы санкцияларды күчөтүүгө даярдыгын маалымдашты.

26-27-майда Сицилия аралынын Таормина шаарындагы саммитке АКШ, Британия, Германия, Франция, Италия, Жапония жана Канаданын лидерлери, Евробиримдиктин өкүлдөрү катышты.

XS
SM
MD
LG