Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:29

Кыргызстан боюнча 214 добушкана иштеп жатат


Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо 214 добушкана ачылды. Шайлоочулардын тизмесине 272 миң 114 адам кирген. Бул тууралуу БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, шайлоо өтүп жаткан 41 жергиликтүү кеңештин сегизи шаардык, 33ү айылдык кеңеш.

Анын 21инде кезектеги, жыйырмасында мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүүдө. Мөөнөтүнөн мурда добуш берүүлөр Айдаркен, Кадамжай, Жалал-Абад, Таш-Көмүр, Кара-Балта, Кемин шаарларында, кезектеги шайлоолор Ноокат жана Көк-Жаңгак шаарларында өтүүдө.

Бүгүн шайлоочулар жергиликтүү кеңештердин 811 депутатын шайлоого тийиш, анын 613ү айылдык, 198и шаардык кеңештерге депутат болуп келишет. Жалпысынан 117 шайлоо округу түзүлгөн. Шайлоого катышуу үчүн өлкө боюнча 4 миң 423 талапкер катталган, анын 1872си айылдык, 2 миң 551и шаардык кеңештерге барууну көздөгөндөр. (NT)

XS
SM
MD
LG