Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:03

Канн: эл аралык кинопресса федерациясынын сыйлыгы тапшырылды


Эл аралык жетимишинчи Канн кинофестивалынын коноктору.
Эл аралык жетимишинчи Канн кинофестивалынын коноктору.

Канндагы фестивалда "Өзгөчө көз караш" программасына сунушталган Орусиялык режиссер Кантемир Балаговдун "Кысылыш" фильми Эл аралык кинопресса федерациясынын (FIPRESCI) сыйлыгына татыды.

Тасмада 1998-жылдагы Кабардино-Балкариядагы жөөт үй-бүлөнүн турмушу баяндалган. Үй-бүлөнүн кенже уулун жана анын колуктусун жергиликтүү кылмыштуу топ барымтага алганы, андан аркы тагдыры сүрөттөлөт.

Ошондой эле калыстар тобу франциялык режиссер Робен Кампийонун "Мүнөтүнө 120 сокку" жана португалиялык Педро Пиньонун "Эч нерсе фабрикасы" тасмасы да жакшы тартылганын белгилешти.

Бүгүн Канн кионфестивалындагы негизги сынактын жеңүүчүлөрү белгилүү болот.

XS
SM
MD
LG