АКШ президенти Дональд Трамп Италиянын Сицилия аралындагы Сигонелла америкалык аскерий-деңиз күчтөрүнүн алдында сөз сүйлөдү. Ал сапары ийгиликтүү жана чынында тарыхый жума болгонун билдирди.
"Чоң жетинин" кечээ аяктаган эки күндүк саммитине да токтолуп, америкалык байланышты бекемдеген өтө жемиштүү жолугушуулар өттү деп кошумчалады.
НАТО саммитине кайрылган Трамп АКШ альянсты толук колдой турганын айтты. Ошондой эле террорчулукту жеңип, цивилизацияны коргоого убада берди.
Аскердик базадагы сөз сүйлөө учурунда Трамп катышуучуларга жубайы Мелания менен чыкты. Ал күйөөсү бул сапарда көп иштегенин жана аны менен сыймыктанарын белгиледи.
Он күндүк сапардын жүрүшүндө Трамп Сауд Арабияны, Израиль, Италия жана Бельгияны кыдырды.