Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:40

Шайлоочулар Кара-Балтада активдүү катышууда


БШКнын маалыматы боюнча, бүгүн түшкө чейин өлкөдө жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоодо 25 769 адам добуш берди. Бул тизмеге киргизилген шайлоочулардын 9,5 пайызын түзөт.

Чүй облусунун Кара-Балта шаарында шайлоочулар активдүү катышууда. Түшкө чейин алардын 14,7 пайызы добуш беришти. Ал эми айылдык кеңештер боюнча Баткен жана Кадамжай райондорунда тизмеге киргизилген шайлоочулардын 20 пайызы добуш берген.

БШК жана аймактык комиссиялар, укук коргоо органдары кирген ыкчам чара көрүү координациялык тобунун билдиришинче, саат 10го карата шайлоо участокторунда укук бузуулар болгон жок.

Бүгүн 41 жергиликтүү кеңеште кезектеги жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүп жатат. (NT)

XS
SM
MD
LG