Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:10

Жалал-Абад: байкоочулар шайлоодо мыйзам бузуу болуп жатканын айтууда


Шаардагы №2115 шайлоо участкасында Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Музаффар Исаков келип, комиссия мүчөлөрү менен ызылдашып жатканы тууралуу видео тарады. Жарандык көзөмөл комитетинин байкоочулары депутат шайлоо комиссияларына басым көрсөтүп жаткандыгын айтып чыгышты. Алардын билдирүүсүндө, №3 мектепте жайгашкан шайлоо участкасында президенттик аппараттан келген эки кызматкер кайсы бир партияга үгүттөп, шайлоочуларды кысымга алып жатканы жана Жалал-Абад шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Турдалы Темирбаев да участканын ичинде ызы-чуу салганы айтылат.

БШКнын аймактагы өкүлү Дамир Жүндүбаев “Азаттык” радиосуна депутат Исаковго байланыштуу жагдай иликтенип жатканын айтты. Ал эми президенттик аппараттан келген кызматкерлер боюнча маалымат жоктугун жана мэрдин милдетин аткаруучу участкаларда тынчтыкты камсыздоодо максатында иштегенин маалымдады. Ошондой эле Жүндүбаев азырынча мыйзам бузуу боюнча эч бир тараптан кайрылуу түшө электигин кошумчалады. Депутат жана мэрдин милдетин аткаруучу байкоочулардын билдирүүсүнө комментарий бере элек.

Бүгүн 41 жергиликтүү кеңешке кезектеги жана мөөнөтсүз шайлоо өтүп жатат. (RsK)

XS
SM
MD
LG