Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:51

БШК: аткаминерлердин добушканада жүргөнгө укугу жок


Бул тууралуу БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бегматов Бишкектеги маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү шайлоодо Жалал-Абад, Кара-Балта шаарларында жана Кара-Кулжа районунда айрым мыйзам бузуулар боюнча ыкчам маалымат түшкөн. Бирок расмий арыздар келген жок.

- Биз чыккан маалыматтарды жөн калтырбастан өзүбүздө түзүлгөн жумушчу топтор менен барып, анализ кылып көрдүк. Мэрдин милдетин аткаруучу шайлоо комиссиянын материалдык жактан камсыз болушун карап барганда добушканага кирген экен. Аймактык шайлоо комиссияларынан тиешелүү түшүнүк каттар алынды. Бирок байкоочулар жана шайлоочулар тарабынан алардын таасири тууралуу арыз, даттануулар болгон жок. Кызмат адамдары ошол добушканада шайлоочу катары катталган учурда гана киргенге укугу бар. Бул боюнча да биз керек болсо кызматтык териштирүүгө чейин барабыз. Кызмат адамдары шайлоонун уюштурулушун, материалдык-техникалык жактан камсыздоо учурунда гана шайлоо комиссияларына жардам бериши керек. Башка убакта шайлоо комиссиясынын төрагасы же катчыларынын суранычы менен же укук коргоо органдарынын өкүлдөрү тарабынан чакырылышы мүмкүн.

Буга чейин байкоочулар Жалал-Абад шаарындагы №3 мектепте жайгашкан добушканада мэрдин милдетин аткаруучу Турдалы Темирбаев ызы-чуу салганын айтып чыгышкан.

БШКнын соңку маалыматы боюнча, саат 17.00гө карата 109 миң 215 шайлоочу добуш берди. Бул көрсөткүч тизмеге киргизилген шайлоочулардын 40,1 пайызын түзөт. (NT)

XS
SM
MD
LG