28-майда Индиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги өлкөнүн батышындагы Гужарат штатында үч кишиден, анын ичинде эки кош бойлуу аялдан жугуштуу вирус аныкталганын билдирди.
Саламаттык сактоо министрлигинин расмий өкүлү Сумия Сваминатан “үч факт тең аныкталганын жана дүрбөлөң түшүүгө негиз жоктугун” айтты.
Индиянын Медициналык изилдөөлөр кеңешинин башчысы Сваминатан үч бейтап тең чет өлкөгө чыкпаганын жана вирусту өлкө ичинде жуктуруп алганын белгиледи. Эки кош бойлуу аял жакында эле ден соолугу чың балдарды төрөшкөн.
26-майда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Гужарат штатынын борбору Ахманабад шаарындагы ооруканада үч бейтаптын канын текшергенде вирус чыкканы боюнча 15-майда эл аралык уюмга кабарланганын билдирет.
Зика вирусу биринчи жолу 1947-жылы аныкталганы менен 2015-жылы Бразилияда массалык түрдө тарагандан кийин олуттуу кооптонууну пайда кылган. Эгер вирусту кош бойлуу аял жуктуруп алса, баланын ден соолугуна чоң залакасын тийгизет.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму вирустун жайылып кетүү коркунучу чоң экенин айтканы менен Индияга барбай турууну сунуштаган жок.