Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:55

Жергиликтүү кеңештерге шайлоонун алдын ала жыйынтыгы чыгарылууда


БШКнын маалыматы боюнча, шайлоодогу алдын ала жыйынтыктар Ош облусунун Ноокат шаарында 53,3% менен КСДП, 17,96 пайыз менен "Элдик", 11,11% "Республика", 8,96 % менен "Замандаш" партиясы алдыда экенин көрсөтүүдө. Социал-демократтар 12, "Элдик" 4, "Республика" жана "Замандаш" партиялары экиден мандат алышы мүмкүн.

Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак шаарында КСДП 52,60%, Коммунисттер 12,"Өнүгүү-Прогресс"​ 7 пайыз алды.

Чүй облусунун Кемин шаарында КСДП 32,75%, "Республика" 25,05%, "Патриот" 15,26%, Кыргызстан 11,33% алды. "Баба-Дыйкан" партиясы да шаардык кеңешке кириши мүмкүн.

Жалал-Абад шаарында "Өнүгүү-Прогресс" 26,47%, КСДП 23,17%, "Ата Журт" 13,78%, "Мекеним Кыргызстан" 13,09%, "Кыргызстан" 19,08 %, "Республика" 9 % добуш алды.

Кадамжайда "Мекеним Кыргызстан" 24,71%, "Өнүгүү-Прогресс" 19,51%, КСДП 17,74% добуш алды. Таш-Көмүр шаарында КСДП, "Өнүгүү", «Мекеним Кыргызстан» партиялары алдыга озууда.

Кара-Балтада биринчи орунда "Эламан" партиясы алдыда, КСДП экинчи, «Республика» үчүнчү орунда баратат.

XS
SM
MD
LG