Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:27

Путин менен Макрон Парижде жолугушат


Франциянын президенти Эммануэл Макрон.
Франциянын президенти Эммануэл Макрон.

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Франциянын лидери Эммануэл Макрон бүгүн Парижде жолугушат. Орусиялык расмий булактар Версал сарайындагы кездешүүдө эл аралык жана эки өлкө ортосундагы алака талкууланарын жазып чыгышты.

Жолугушуу алкагында Орусиянын президенти Версалда өтө турган эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамиленин 300 жылдыгына арналган көргөзмөнүн ачылышына катышары каралган.

Бул Путиндин Макрон президенттикке келгенден берки Францияга алгачкы сапары.

7-майда өткөн президенттик шайлоонун экинчи айлампасында ал атаандашы, ашынган оңчул жана Путинге ымала санаган Марин Ле Пенди утуп чыккан. Шайлоо өнөктүгүнүн маалында Макрон регионалдык жаңжалдарды жөнгө салуу үчүн Орусия президенти Владимир Путин менен иштешүүгө аракеттенерин, бирок Франция жана Орусия “орток баалуулуктар менен приоритеттерди” бөлүшөрүнө ишенбесин билдирген.

XS
SM
MD
LG