Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинен билдиришкендей, окуу жайда ректор шайлоо 27-майда өттү.
Ага каттоого алынган 1 344 шайлоочунун 1216сы катышты. Жети талапкер ат салышып, добуш берүүнүн жыйынтыгында ректордун милдетин аткаруучу, мурдагы билим берүү жана илим министри Канат Садыков 776, проректор Таалайбек Каракеев 264 добуш, Туратбек Суранаев 66 добуш топтоп, алдыңкы үч орунду ээлешти.
27 адам баарына каршы добуш берген. Эми алдыңкы үч орунду алган бул талапкерлердин ысымдары өкмөткө жиберилет.
Эреже боюнча, Улуттук университеттин ректорун окуу жайдын кызматкерлери шайлап, өкмөт бекитет. (NT)