Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:37

Атамбаев армиянын азыркы абалын жетишкендик катары сыпаттады


Президент Алмазбек Атамбаев кыргыз армиясы реформаланып, деңгээли жогорулаганын белгилеп, муну өзүнүн башкаруусундагы жетишкендик экенин билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн Бишкектеги Улуттук филармонияда Куралдуу күчтөрдүн 25 жылдыгына арналган жыйында сүйлөп жатып айтты.

Үч-төрт ай мурун Башкы штабдын жетекчиси Райымберди Дүйшөнбиев "эми накта армиябыз" деп айтканын угуп, абдан кубанганын кошумчалады. Ошондой эле мурунку президенттердин тушунда армия алсыз болгонун, азыр абал жакшырганын билдирди. Өз уулу аскердик кызматка барып келгенин белгилеп, мындай жол менен армиядагы өзгөрүүнү жакындан билгиси келгенин айтты.

2016-жылы Global Firepower аскердик-аналитикалык порталынын рейтинги боюнча Кыргызстандын армиясы 126 мамлекеттин ичинен 110-орунду ээлеген. Өзбекстан 48, Казакстан 53, Түркмөнстан 86, Тажикстан 112-орунду алган. Кыргызстан андан бир жыл мурун эле 78-тепкичте турган.

29-май - Кыргызстанда Куралдуу күчтөрдүн түзүлгөн күнү.

Маалыматка караганда, соңку кездери аскерлер үчүн 55 турак жай пайдаланууга берилди. Дагы 34 үй курулуп, 37 турак жай тургузуу пландалууда. (SE\BkA)

XS
SM
MD
LG