Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:11

Беш аскер кызматкери "Даңк" медалын алды


Кыргызстанда Куралдуу күчтөрдүн түзүлгөнүнүн 25 жылдыгына карата бир катар аскер кызматкерлери мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланды. Беш киши "Даңк" медалын алды. Алар Кубанычбек Орозматов, Медербек Козубаев, Нурбек Рыскулов жана Санжар Эркинбаев.

Андан тышкары, алты адам Ардак грамотасы менен, беш кызматкер ысымдары жазылган саат менен сыйланды. Куралдуу күчтөрдүн Кургактагы аскерлери ар-намыстын, каармандыктын жана даңктын белгиси Күжүрмөн Туу жана президенттин грамотасына татыктуу деп табылды.

25 жылдык маараке Бишкектеги Улуттук филармонияда өтүп, ага мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев катышты.

29-май - Кыргызстанда Куралдуу күчтөрдүн түзүлгөн күнү. (SE)

XS
SM
MD
LG