Эммануел Макрон менен Владимир Путиндин бүгүнкү, алгачкы кездешүүсү Париждин сыртындагы Версаль сарайында өткөнү турат.
Макрондун өзүнүн айтымында, Орусия менен сүйлөшүү зарыл. Анткени, бир катар эл аралык маселелер алар менен катаал диалогсуз чечилбейт”.
Франциянын жаңы президенти ошондой эле Путин менен сүйлөшүүлөрдө “талап кылуучу” болорун да кошумчалады.
Орус жана француз президенттеринин жолугушуусу алдында "Чоң жетинин" өлкөлөрү Италиядагы саммитинде эгер Украинадагы кырдаал өзгөрбөсө, Москвага каршы жаңы чараларды карап көрүүнү макулдашты.
Орусиянын Украинадагы аракеттери, Сирия президенти Башар Асадды колдоосу, Франциянын жакындагы президенттик шайлоосуна ыктымал кийлигишүүсү бүгүнкү сүйлөшүүлөрдүн күн тартибиндеги татаал маселелердин катарында.
Буга чейин Путиндин Францияга иш сапары былтыр октябрда токтотулган болчу.
Анда Франциянын ошол кездеги президенти Франсуа Олланд Орусия лидери менен Сирия маселесин гана сүйлөшөрүн билдирген.(UE)