Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:21

Биринчи Май райондук сотунда Аида Салянованын иши каралууда


Бүгүн Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Аида Саляновага байланышкан иш каралууда.

Сот отурумунда депутаттын адвокаты Чынара Жакупбекова ишти Ленин райондук соту карасын деген өтүнүч келтирди. Анын айтымында, кылмыш иши Салянованын юстиция министри болуп турган учуруна байланыштуу козголуп жатат жана министрлик Ленин районунда жайгашкан. Ошондуктан аталган райондо каралышы керек деген пикирин билдирди. Ал эми мамлекеттик айыптоочулар болсо, козголгон кылмыш ишин Улуттук коопсуздук комитети тергегендигин жүйө келтирип, адвокаттын өтүнүчүнө каршы болушту.

Депутатка Башкы прокуратура былтыр декабрда кылмыш ишин козгоп, Кылмыш-жаза кодексинин "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча айып тагылган.

Салянова 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда "Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти кароодо министрдин милдетин аткаруучу катары жетиштүү иликтеген эмес" деп айыпталган. УКМК быйыл мартта Саляновага козголгон кылмыш ишин тергеп бүтүп, айыбын угузган. Анын негизинде эл өкүлүнө мамлекеттен сырткары эч жакка чыкпоо милдеттендирилген.

Салянова өзүнө козголгон кылмыш ишин тергөө мыйзам бузуулар менен коштолгонун айтып келе жатат.

XS
SM
MD
LG