Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:06

Орусияда антикоррупциялык жүрүштөргө уруксат суралууда


Новосибирск шаарындагы антикоррупциялык демонстрация. 26-март, 2017-жыл.
Новосибирск шаарындагы антикоррупциялык демонстрация. 26-март, 2017-жыл.

Оппозиция лидери Алексей Навальный жана анын өнөктөштөрү бийликтерден антикоррупциялык демонстрацияларды 12-июнда Москвада жана башка бир катар шаарларда өкөрүүгө уруксат сурап, расмий кайрылышты.

Бирок, Навальныйдын өзүнүн 29-майда интернет баракчасында билдиргенине караганда, демонстрациялар ал күнү бийликтер уруксат берген - бербегенине карабай уюштурулат.

12-июнь-Орусия күнү, башкача айтканда, өлкөдө майрам күн.

Навальный кошумчалагандай, бул күнү активисттер демонстрацияларды Орусиянын 200дөн ашуун шаарында уюштурууну көздөөдө.

Буга чейин 26-марттагы антикоррупциялык жүрүшкө Орусия боюнча он миңдеген адам чыгып, Москвада полиция 1000дей адамды кармап, анын ичинде Навальныйдын өзү 15 суткага кесилген болчу.

Ал буга чейин 2018-жылкы президенттик шайлоого катышарын да жарыялаган. (UE)

XS
SM
MD
LG