Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:02

Филиппинде армия исламчыл согушкерлер менен күрөшүүдө


Маравидеги Филиппин аскерлери. 29-май, 2017-жыл.
Маравидеги Филиппин аскерлери. 29-май, 2017-жыл.

Өлкөнүн түштүгүндө, калк курамында мусулмандар басымдуулук кылган Марави шаарынын бир нече районун ээлеп алган исламчыл согушкерлер менен армиянын урушу жети күндөн бери жүрүп жатат.

Өкмөттүк күчтөр оор техниканы, авиацияны колдонгонуна карабай согушкерлер шаардын бир бөлүгүн бошото элек.

Маалыматтарга караганда, өткөн шейшембидеги уруштардан бери кеминде 40 адамдын, анын ичинде жайкын тургундардын өмүрү кыйылды.

Маравинин он миңдеген тургундары жер которууга, коңшу Илиган шаарына көчүүгө аргасыз болушту. Качкындар менен кошо согушкерлер да келиши мүмкүн деген кооптонуулардан улам бийликтер бул шаарга да чектөө киргизип жатат.

Маравиге кол салгандар “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун желегин көтөрүп жүрүшөт. Бул Филиппиндеги согушкерлердин ИМ тобунун көңүлүн өзүнө бурдуруу аргасы катары да бааланып жатат. (UE)

XS
SM
MD
LG