Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргызстандын айрым жерлеринде жекшемби күнү өткөн жергиликтүү кеңештерди шайлоонун жыйынтыгын эсептөөдө. Азырынча шайлоо участокторунун 98% добушу эсептелип чыкканы расмий кабарланды.
Алдын ала маалыматка караганда, сегиз шаардын бешөөндө: Ноокат, Көк-Жаңгак, Таш-Көмүр, Кара-Балта, Кеминде бийликтеги КСДП партиясы алдыга чыгып, баарынан көбүрөөк добуш алды.
Айдаркенде КСДП, "Мекеним Кыргызстан" жана "Республика" бирдей келатат.
Ал эми Жалал-Абадда 31 депутаттык орундун тогузун "Өнүгүү-Прогресс" алып, баарынан алдыга чыкты.
Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайлоого 22 саясий партия катышканын айтууда:
- Жалпысынан 22 партия катышты. Алардын ичинен 14 партия бирден гана шаардык кеңешке тизмелерин берди. Эки партия - КСДП менен "Өнүгүү-Прогресс" бардык сегиз шаардык кеңешке тең катышты. "Республика" Көк-Жаңгак шаарынан башка бардык шаардык кеңешке, "Мекеним Кыргызстан" менен "Кыргызстан" беш шаардык кеңешке шайлоого катышты.
41 шаардык жана жергиликтүү кеңешке өткөн шайлоого 16 эл аралык байкоочу көз салды.